Коом

УКМК: Чүйдө контейнер менен коргондолгон 353,3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунда 353,3 гектар өндүрүштүк жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталып, мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө өнөр жай жерлерин мурдагы депутат М.Н.К. өзүнө аффилирленген компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени такталган.

Жер тилкенин базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн. Тилке Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентикке өткөрүп берилди.

Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Боом капчыгайына кире бериште жайгашкан, темир контейнерлер менен коргондолгон тилке коомчулукка буга чейин эле белгилүү болчу. Ал кайсы жылы менчиктештирилгени белгисиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button