Эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Каракол шаарынын борбордук аянтында Ысык – Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын гарнизондук бөлүштүрүү салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага облустук милициянын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов катышып, өздүк курамдын алдына куттуктоо сөзүн айтты. Ал аймактагы укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылууда, өлкө үчүн ушундай өзгөчө маанилүү күндөрдө милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн жана жоопкерчилигинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Гарнизондук бөлүштүрүү милиция кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана кесипкөйлүүгүн, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткарууга даярдыгын көрсөттү. Иш-чара Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздугун камсыз кылууга тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын салтанаттуу маршы менен аяктап, облустук милициянын өздүк курамынын уюшулгандыгын жана күжүрмөн даярдыгын баса белгиледи.





