Коом
Президенттин администрациясы “Ынтымак ордого” экскурсиянын тартибин өзгөрттү

Өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, бүгүн жаңы Ак үйдү көрүүгө ашыккандардын ортосунда талаш-тартыш жаралган.
Эми экскурсияга барууну каалагандар Абдумомунов, 207 дарегинде жайгашкан президенттин администрациясынын мурдагы имаратынын түндүк-батыш тарабындагы өткөрүү бюросуна барып кезекке туруусу керек.
Ал жакта операторлор элди каттап, “Ынтымак ордого” саат канчага бара аларын айтышат.
Мурдагы өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар болот. Алар алып барып, кайра эски аянтка алып келишет.
Операторлор адамдардын электрондук кезегин карап, автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет.



