Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал боюнча Кыргызстан чечим кабыл алуусу керектигин билдирди.
Ал эки өлкөнүн ортосунда согуш эки жылдан бери уланып жатканын, бул биздин өнөктөш Россиянын ички иши болгондуктан, нейтралитетти карманганыбыз туура болгонун белгиледи.
«Бирок августтан баштап Россиянын 15 облусуна бомба, ракеталар ташталды. Ал жакта 1 миллиондон ашуун кыргызстандыктар иштеп жана жашап жүрүшөт. Биз ЖККУ боюнча союздашпыз. Бул маселени тыкыр иликтеп, зарыл чечим кабыл алып, колдоого тийишпиз», — деди Масалиев.