Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бирдиктүү медалдык эсеп жүргүзүлбөйт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өлкөлөр арасында расмий медалдык жана жалпы командалык эсеп жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты — этноспортту жана улуттук спорттун салттуу түрлөрүн сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле элдердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту бекемдөө.
«Оюндардын концепциясы мамлекеттердин жалпы рейтингдеги орундар үчүн атаандашуусуна эмес, жалпы тарыхый-маданий мурастын айланасында өлкөлөрдү бириктирүүгө жана дүйнөдө этноспорттук кыймылды өнүктүрүүгө негизделген», — деп билдиришти Мамлекеттик агенттиктен.
Ошол эле учурда спортчулардын жыйынтыктары жана жетишкендиктери спорттун ар бир түрү боюнча өзүнчө катталат.
Демек, катышуучулардын көрсөткүчтөрү конкреттүү спорттук дисциплиналардын алкагында аныкталат. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөлөрдүн жеңип алган медалдарынын саны боюнча бирдиктүү рейтинг жок.



