Спорт
Кыргызстандын аялдар футбол курамасы Бахрейнди ири эсепте жеңди

Кыргызстандын аялдар футбол боюнча улуттук курама командасы Бахрейндеги окуу-машыгуу жыйынынын алкагында экинчи жолдоштук беттешин өткөрүп, Бахрейндин курамасын 4:0 эсебинде утту.
Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктаган. Экинчи бөлүктө кыргызстандык футболчулар 30 мүнөт ичинде төрт гол киргизип, ишенимдүү жеңишке жетишти.
Голдордун авторлору — Нагима Туралиева, Айтурган Курманбекова, Нурсулу Мурзакулова жана Анэля Асанбекова.



