Спорт

Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө жана алардын машыктыруучуларына канча каражат берилди?

Кечээ, 4-сентябрда президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана алардын машыктыруучуларын акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө — спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына дүйнө чемпионатындагы оюндардын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:

Спортчуларга:

Курсантбек Исаковго — 600 миң сом;

Өмүрбек Асан уулуна — 600 миң сом;

Рустамжан Кахаровго — 600 миң сом;

Марлен Абдраимовго — 200 миң сом;

Кутман Калбаевге — 400 миң сом;

Бекжан Бейшембаевге — 200 миң сом;

Машыктыруучулар курамына:

улук машыктыруучу Азат Мирахимовго — 150 миң сом;

жеке машыктыруучу Рустам Кочаровго — 100 миң сом;

жеке машыктыруучу Абдурашит Мамасабировго — 100 миң сом;

улук машыктыруучу Дастан Муктаровго — 150 миң сом;

жеке машыктыруучу Айбек Бердалиевге — 100 миң сом;

жеке машыктыруучу Ратбек Мамбетовго — 100 миң сом.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button