Коом
28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө жеке унаа айдабай туруу сунушталды

28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу айрым жолдордо жеңил автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Ага ылайык, иш-чара өтүп жаткан мезгилде көлдүктөрдөн жана коноктордон жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталды. Көчмөндөр оюндарына байланыштуу уюштурулган коомдук транспорт менен жүрүү акысыз болот.
Тактап айтканда, Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин унаа жолу убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат.
Машина менен келген жарандар атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга калтырып, андан ары коомдук транспорт менен жүрө алышат.



