Мэрия: «Бишкек Аренага» акысыз шаттл-автобустар каттайт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине билет сатып алган же чакыруу алган көрүүчүлөр «Бишкек Аренага» чейин акысыз шаттл-автобустар менен жеткирилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы эскертет.
Шаттл-автобустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 багыттагы токтоо жайынан каттайт. Көрүүчүлөргө өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун алдын ала тандап, салтанат өтүүчү жерге акысыз транспорт менен баруу сунушталат.
Иш-чара аяктагандан кийин шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү кайра жеткирип барат.
Бишкек шаарынын мэриясы кайтууда алгачкы отурган жерине туура келген маршрутту пайдаланууну сунуштайт.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
Тыналиев көчөсү, 16.
Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
Жибек жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
Тунгуч кичи районунун акыркы аялдамасы, 64/1;
Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод)
Жибек жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
Алтымышев көчөсү, 98/1;
Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Globus);
Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
Шабдан баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЭПО-2);
Москва көчөсү, 239, 4-электр автобустарынын (ДЭПО-1) акыркы бекети;
Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);



