Спорт

Урмат Абдукаимов улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Мындай чечим Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Бул кызматта жергиликтүү адис Роберт Просинечкинин ордуна келди. Абдукаимов команданы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылдагы Азия кубогуна даярдайт.

Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын А категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку лиганын «Талант» клубун жетектеген.

Мындан тышкары, Абдукаимов Кыргыз футбол союзу уюштурган машыктыруучулар үчүн курстарда жана семинарларда инструктор болуп иштейт.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз футбол союзу улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки менен тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча кызматташууну токтоткон.

Тектеш кабарлар

Back to top button