Маданият

Султан Раев: Камат… Кайда кеттиң, кеттиң кайда?.. Көздөн арман агат

Камат… Кайда кеттиң, кеттиң кайда?..
Көздөн арман агат, күн таңы менен күн нурун көргүң келет, чайынгың келет, сезгиң келет, көкүрөтун капкагын ачып алып ошо нурду жүрөккө батыргың келет, кайран туйгун, кайран бала жер муштатып, жүлүн сыздатып , керең дүйнөдө буктун үнүн жанкөйгөйгө салып, артыңда калгандын баарын эсеңгиретип, армандын тузун какшытып, арабыздан кетип калдың…
Кабарды, суук кабарды укканда ошо сенин кабарың дүйнөгө батпай, жүрөктү жыртты. Талантың жөнүндө сөз жетпейт, өнөр сага бу жалганын дүйнөнүн суроолоруна жооп изденүүнүн, учу-кыйры чексиз саябанда өзүңдү-өзүң табуунун, көкүрөк чындыгыңды элге тартуулоонун өзгөчө аалам эле. Суроо менен жаралып, артындан суроону калтырып кеттиң…
Алмустактан уланган Адам соболуна жооп издейин дедиң, өзүң үчүн эмес, өзгө үчүн эмес, эң оболу биз үчүн, пенде баласы үчүн. Көкүрөгүңдү бүркүттүн тырмагы менен тыткан далай сопкуту жок, маселе-соболдоруң бар эле. Сен дүйнөнү башка чен өлчөмдөн карадың, башка көз караштан карадың, башка дүнөтаанымдан аңдадың, митеси менен канталасы жайнаган бу чындыкта, баканооз дүйнө таажы кийип, ак менен кара ашташып, чындык менен жалган жупташып,адамзатты ушак менен уктуруп, уу сөздөр заарын чачып, жалын чачып жатканда, көрө албас менен көөдөнү көрлөр шайтандай так төбөдө ойноп турганда актыктын азабын тартып, чындыктын чырайын кармай албай кеттиң…

Камат Касенов


Жүрөгү кармап калды дешти. Жүрөгү токтоп калды дешти… Муштумдай жүрөгүңө аалам батпай, акыры көкүрөк тээп чыккан экен, карагым… Сен мени “Папа” дейт элең. Эсиндеби, сени мени менен биринчи жолу раматылык Алмаз байке Сарлыкбеков тааныштырган. Үстүң жупуну,батинкеңин учу жыртылып,көздөрүңдүн жети кабатында байкалбаган арман турган… Уялыңкы дүйнөндү уялап үмүт турду. Анда, сен биринчи курста болсоң керек эле, кайран Алмаз байке “Бу баладан гений чыгат” деп оозуна салып ийгендей ушу сөздү айткан. Мен сага батинке алып бергем. Дайыма сурап, дайыма кабарыңды үзбөй угуп турдум. Кийин баралыңа келип, өнөр багына келдиң. Экөөбүз чыгармачылыкта бирге иштедик, ой бөлүштүк, далай далай уйкусуз түндөрдө келчекке жол салып, талаштык-тартыштык. Кай иш баштаба, менден кеңеш сураганыңды жогору баалар элем.
Акыркы жолу Таразда жолуктук. Сен бизди Тараздын четине дейре узатып келдиң, моюндаша кучакташып, адаттагыдай коштоштук. Сен ошондо жакшы жетип алыңыздар “Папа” дедиң, буга чейинки айткан сөзүңдү элес албасам да, бу жолку “Папа” деп бек кучактаганында ө з г ө ч ө Сезим бар эле. Туйдум да, түшүнбөй турдум. Узун жолдо келатып, анын баарын кайрадан көздөн тасмадай өткөрдүм.”Папа”, чын эле мен сени уулумдай көрчү элем, уулумдай элең…
Акыркы жолу Бишкекке келгенинде жолугалбай калдык. Турмуштун чарыгына түшүп алган адамдын көрөрү ушу экен. Сен телефондон “Көрүшкөнчө “папа” дедиң, мен жакында “Сөзсүз келем”, — дедиң… Билбейм, бу “ата” деген сөз өмүрүндө атасын көрбөгөн, ата мээримин сезбеген, эне деп эркелебеген, эненин жытына өмүрбакы зар болгон адамдын көкүрөгүнөн башкача, таптакыр башкача, куса, арман, күйүт, балалык сагынычтын үнү менен чыгат окшойбу…


Ошо Үндө – Жоготуунун жан азабы бар эле… Ошол Жоготууну, ошол Үндү биз сезип, дүйнөбүз аңтар-теңтер, көкүрөк кыйсыпыр түшүп турат. Бир арман, бу күлтүгү жок дүйнөдө, акыркы сапарыңа барып сөз айталбай, бир ууч топурак салалбай калдык…
43 жаш… Эрте кеттиң, карагым. А, балким сен өмүрүңдө көрбөгөн Атаңы, өмүрүңдө көрбөгөн Апаңы сагындыңбы… же алар сени сагындыбы?!.. Акыретке жол алдың…
Сен башка дүйнөдө жашадың, а дүйнөңдү эч ким түшүнбөйт!..
Коош карагым…
Өзүңдүн, өзүң сүйгөн Шекспирдин ааламына кеттиң…

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button