Коом
Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы «Манас» аэропортуна келди

Өлкөгө алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 учагы алып келинди.
Аба кемесин «Манас» аэропортунан «суу аркасы» менен тосуп алышты. Салтанатта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл этегине чейин мындай учактан дагы үчөө келерин айтты.



