Коом
Кыргызстанда мөңгүлөрдүн саны көбөйдү, бирок аянты азайды

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн саны көбөйүп, бирок аянты азайганын Кыргызгидрометтин директору Нуртемир Мурзабеков “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтты.
Ал белгилегендей, СССРдин каталогу боюнча Кыргызстанда жалпы аянты 7943 чарчы метрди түзгөн 8166 мөңгү бар болчу. Учурда чоң мөңгүлөр бөлүнүп, мөңгүлөрдүн саны өстү. Бирок аянты 6683 чарчы метр болуп азайды.
“Акыркы бир нече жылдан бери мөңгүлөрдү иликтөө боюнча жакшы иштер жүрүп жатат. Мониторинг жасоодобуз. Бул жылы дагы ошондой иштер жасалды. Швейцариянын, Финляндиянын мөңгү боюнча адистери менен иштешүүдөбүз. Биздин адистер учурда Ысык-Көлдүң чыгышы Бедел районунда жүрүшөт. Мөңгү боюнча иштер токтобойт”, — деди Мурзабеков.



