Касымалиев менен Оверчук «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун стендин көрүштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын Өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчук VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун (АНО) стендин көрүп чыгышты.
Стендде Кыргызстан, Россия жана Евразия мейкиндигиндеги башка өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык, билим берүү, жаштар жана социалдык долбоорлор тааныштырылды. Өзгөчө көңүл «Евразия» АНОсунун Кыргызстанда ишке ашырып жаткан демилгелерине бурулду.
2025-жылдын август айында Бишкекте үй-бүлөлүк эс алуу үчүн акысыз «Евразия» паркы ачылган. Долбоор «Евразия» АНОсунун жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата Россия менен Кыргызстандын достугунун символу катары Кыргызстанга белекке берилген.
Бүгүнкү күндө парк Борбор Азиядагы эң ири үй-бүлөлүк эс алуу жайларынын бири болуп саналат. Ачылгандан бери аны 1 миллиондон ашуун адам зыярат кылды.



