Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирген шектүүлөр кармалды

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 4-сентябрь күнү, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге А.Ш. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, 1-сентябрь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында белгисиз адамдар “Ак-Ордо” жаңы коңушүнда жайгашкан үйүнө ачык түрдө кирип, баасы 80 миң сом турган «iPhone 13 Pro”маркасындагы уюлдук телефонун уурдап , андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган факт боюнча,Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган М.Д., жана 1999-жылы туулган Д.Д., аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык , Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин районунун соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1- Тергөө камак жайына 23 сентябрь күнүнө чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.



