Коом

Желектин автору Бекбосун Жайчыбеков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын желегинин авторлорунун бири, сүрөтчү Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Маалыматты Маданият министрлиги тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, ал катуу ооруп жаткан. Министрлик маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөрүн билдирди.

КР Эл сүрөтчүсү, Даңк медалынын ээси Жайчыбеков 76 жашта болчу.

Ал 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында төрөлгөн. 1972-жылы Алматы көркөм сүрөт училищесин, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button