Гороскоп: 9-сентябрда ойлонуп сүйлөңүз, ар бир сөз ишке ашат

Астрологдор 9-сентябрды ар кандай ойлорду реалдуулукка багыттай турган күн деп айтышат. Ошондуктан бул күнү ар бир ойду жана сөздү ойлоордон, айтуудан мурда миң салмактап алыңыз. Ошондой эле бул күнү талаш-тартыштан алыс болуңуз, айрыкча жетекчилик менен конфликтке барбаңыз, анткени ал кесиптик жана каржылык абалыңызга терс таасирин тийгизет.
Кой
Жумуш аптасы жаңы башталганга карабай, күн жаңы иштер үчүн ийгиликтүү деп айтууга болбойт. А бирок өзүңүзгө убакыт бөлүүгө толук жакшы күн, буга чейин ойлоп бирок убакыт бөлө албай жаткан кыялдарыңызды орундата бериңиз. Башкысы сизге ырахат жана пайда алып келе турган кыял болсун.
Букачар
Сүйлөшүп жаткан адам сизди канчалык кыжырдантпасын, орой сөз айтпаңыз. Баары бир ага эч нерсени далилдеп бере албайбыз, а башка адамдардын көзүнө сиздин кадыр-баркыңыз ылдыйлайт.
Эгиздер
Жылдыздар бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөндөргө 9-сентябрда кесиптик маанайдагы активдүү аракеттерден баш тартууну сунуштайт. Анын ордуна тиричилик, чарба түйшүктөрү менен алектениңиз, мына ушул жактан сизди эң сонун жыйынтык күтөт.
Бөйөн
Өткөн жакшы күндөрдү эстеп эзилип отура бербеңиз, бүгүн сизди өткөндөн да жакшы сезимдерге бөлөчү кубанычтуу окуялар күтөт.
Арстан
Каржы жана башка жагынан өз алдынча, көз каранды адам экениңизди сүйүктүү адамыңызга көрсөтө бербеңиз, бул анын өзүнө болгон ишенимин мокотуп, сизге жардам берүү каалоосун жок кылып коет.
Бийкеч
Акыркы убакта сиз абдан көп жана тынбай иштедиңиз, демек эс алууга татыктуусуз: бүгүн жылдыздар сизге саякатка чыгууну сунуштайт. Мейли, бир чакырым жерге бир саатка барган болсоңуз дагы, күчүңүзгө күч кошот.
Тараза
Бул күн жашоонун жагымдуу өзгөрүүлөрүнүн бир нечесин сунат, аларды сиз эчактан бери күтүп жүргөнсүз. Башкысы – капысынан болгон окуялардан чоочулабай, эң чечүүчү учурда мокок болбоңуз.
Чаян
Акыркы учурда жашооңузду татаалдантып жаткан көйгөй анчалык коркунучтуу эмес. Аны кантип чечүү керектигин өзүңүз жакшы билесиз, болгону андан чыгуу жолу сизге жага бербейт. Бирок башка жол жок. Ушундай.
Жаачы
Сиз өткөндү жөн эле кое бергиңиз келбей жатат. Чындап моюнуңузга алыңыз, өткөн окуялар өтүп кеткени үчүн эле жомок сыяктуу сезилүүдө. Жакшылап ойлонуп көрсөңүз, жагымсыз учурлар да бар болгонун эстейсиз.
Текечер
Бүгүнкү жумуш ойлогонуңуздай болбой калышы мүмкүн. Тескерисинче кайсы ишти кармабаңыз, колуңуздан түшүп турат. Ошондуктан күткөндөй жыйынтыкка жетише албайсыз, жуманын башталышы болсо да эс ала бергениңиз дурус.
Суу пери
Бүгүн кандай өзгөрүүлөрдү жасабаңыз – мейли, ал эмеректердин ордун алмаштыруу же буюмдарды жаңылоо болсо дагы – эң сонун белги болуп саналат. Мындай тиричилик магиясы бүгүн сизге жардамга келип, жашоо кырдаалын жакшы жакка бурууга себепчи боло алат.
Балыктар
Сизге бүгүн керектүү башкы сапат – айланаңыздагы адамдар менен сүйлөшүүдө дипломат болууга аракеттениңиз. Жеке мамиледе болсун, жумуштук сүйлөшүүлөрдү тырчып, кекеткенди коюп, жылуу-жумшак маектешиңиз.



