Коом

Билим берүү министрлиги окуу күн тартибин өзгөртүү боюнча студенттердин талабын колдойт

Билим берүү министрлиги мектеп жана ЖОЖдорду мурдагыдай убакытта окутуу маселесин көтөрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек мэриясына жана Министрлер Кабинетине кайрылып, окуу күн тартибин мурдагы абалына алып келүүнү суранат. Анткени, жаңы күн тартиби боюнча даттануулар абдан көп болуп жатат.

Аталган министрлик студенттер окуу күн тартибине мурдагыдай кылуу талабы менен петиция түзүшкөнүнөн кабардар экенин белгиледи.

“Бул чечим мэриянын сунушу менен кабыл алынып, мэриянын токтому менен бекитилген. Бирок талкууга алынганда Билим берүү министрлиги терс корутундусун жиберген. Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелери тарабынан бул чечимди өзгөртүү боюнча өтө көп кайрылуулар түшүп жатат. Ал кайрылуулардын негизинде министрлик  МинКабга жана мэрияга кат даярдоодо”, — дейт министрлик.

Эске салсак, быйылкы окуу жылы окуу күн тартибиндеги өзгөрүүлөр менен башталды. Бишкектеги 44 мектепте окуу 7.30да баштала турган болсо, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери билим алууга саат 10.00дө барышат. Мындан улам экинчи смендеги студенттер сабактан 20.00-21.00 аралыгында гана чыгышууда. Бул аларга бир убакта окуп жана иштөөгө тоскоолдук жаратып жатканын, көпчүлүк студенттер иштеп, өз жанын өздөрү багып, ал турмак контракт акысын да төлөп келишкенин айтып чыгышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button