Кыргызстанда эттин кымбатташы кимге пайда алып келүүдө?

Кыргызстанда сентябрь айынын башталышы менен эттин баасы дагы өстү. Мындай абал кимдин чөнтөгүн калыңдатып жатканын Мамлекеттик антимонополиянын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев айтып берди.
“Этке болгон баа ишкерлер продукцияны чет өлкөлөгө экспортко чыгарып жатканына байланыштуу өстү. Мындан улам ички рынокко эт аз кетип, наркы жогорулады.
Ошондой эле ажиотаж өз ролун аткарды. Эт рыногунда татаалдыктар көп экенин түшүнүшүбүз керек. Өндүрүүчүлөр менен сатуучулардын арасында ортомчулар бар”, — деди Мамыралиев “Биринчи радиого” берген маегинде.
Айтымында, эт жеткирүү чынжырынын бир жеринде ишкерлер өздөрүнүн кызматы үчүн бааны жогорулата башташкан. Аларды ак ниеттүү ишкерлер деп атоого болбойт.
“Эттин баасы турукташтырылып жатат. Буга Суу чарба жана өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын ири жана майда малды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүү чечими таасир этти”, — деди ал.



