Кызыктар

Майда кадам чоң ийгиликке жеткирет: 12 – сентябрга гороскоп

Бейшемби күндүн башкы урааны – ойлогон ойду ишке ашырууга тынымсыз аракеттенүү керек. Тоскоолдуктарга карабаңыз, майда кадамдар менен деле максатка жетүүгө болоорун билиңиз.

 Кой – сиздин интеллектуалдык жөндөмүңүз жогорку деңгээлде болот. Жетекчинин алдында же эмгек жамаатыңыздын жанында акыл-жөндөмүңүздү бир көрсөтүп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Бул сөзсүз эске алынат.

Букачар – бул күнү сизге эки варианттын бирин тандоого туура келип калышы мүмкүн. Шашпаңыз, жаңылбаңыз.

Эгиздер – кыймыл – бул жашоо! Бул сиз үчүн жөн сөз эмес. Өзүңүздү жакшы сезип жүрүүңүз үчүн айлана-чөйрөңүздү жаңыртып туруңуз. 12-сентябрь бул үчүн идеалдуу күн.

Бөйөн – сиздин аракетиңиз жакындарыңызды бир эле убакта таң калтырат да, суктандырат дагы. Платеналар сизге өз пикириңиз үчүн катуу турууну сунуштайт, аны менен кадыр-баркыңызды да көтөрүп аласыз.

Арстан – жумуш боюнча өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Сизге жумуштан көтөрүлүүнү же кызмат абалыңызды статусу бир топ төмөн орунга алмаштырууну сунушташы мүмкүн. Эгерде кызматкерлериңиз болсо, аудит уюштура аласыз.

Бийкеч – окууда, үйдө же жумушта сүйлөшүп турган эркектердин колдоосуна таяныңыз. 12-сентябрда эркектердин кеңешси сизге болуп көрбөгөндөй маанилүү болот.

Тараза – улуу муундагы туугандарыңыздан же көптөн бери көрүшпөгөн туугандарыңыздан кабар келет, ал таң калтырышы да мүмкүн. Жыйынтык чыгарууга шашылбай, алгач чын-бышыгына жетип алыңыз.

Чаян – эгер сиз айланаңыздагы эмненидир алмаштыруу зарыл болуп жатканын сезсеңиз, анда бул туура белги. Жөнөкөй нерседен баштаңыз, мисалы имиджиңизди өзгөртүңүз.  

Жаачы – сиздин маанайыңыз эң сонун болушу мүмкүн. Жакында эле кимдир бирөө менен урушуп кеткенсиз. Бул күнү ал киши менен чын дилден сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк табасыз. А бул сизге пайда гана алып келет.

Текечер – Плутон сиздин жылдыз белгиңизге кайтып келди. Ошондуктан сиз башка жактан басым сезип баштайсыз. Мындан өзүңүздүн үстүңүздөн так максат коюп иштөө менен гана кутуласыз.

Суу пери – “сөз чымчык эмес, учуп кеткен соң кармай албайсың” – ушул макал сизге айланадагылар менен урушуп кетүүдөн сактайт. Сүйлөөрдөн мурда ойлонуңуз.

Балык – репутацияңызга зыян келтире турган кырдаалдан качыңыз. Бул күнү интрига жана ушак сөздөргө аралашпаңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button