Коом

Алдамчылар жарандарга Улуттук банктын атынан телефон чала башташты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери атап жарандарга телефон чала баштаганын билдирди.

«Алдамчылар жарандарга 100 миң сом которушат, андан кийин телефон чалып, өздөрүн Улуттук банктын кызматкерибиз деп атап, жаңылыштык менен акча которулганын, аны кайтарып берүү керектигин айтышат. Ал үчүн шилтеме жөнөтүшөт. Жаран шилтеме менен кирген учурда ага онлайн-кредит катталып калат», — деди депутат.

Буга чейин да парламент жыйынында алдамчылар тууралуу маселе козголуп, айрым депутаттар алдамчылардын тузагынан жарандарды сактап калуу үчүн онлайн-кредиттерди берүү шарттарын катаалдаштырууну сунушташкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button