Окуялар

Балага орой мамиле кылып жаткан ата аныкталды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 12-сентябрь кунү белгисиз атуул тарабынан жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео жазуу “Вотсап” группаларга таркап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан белгисиз атуул Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Алгачкы маалыматтар боюнча И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби, жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button