Коом

УКМК: Психиатриялык, наркологиялык каттоодо тургандарга айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн мыйзамсыз медициналык справка бергендер аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас облусунун Манас жана Айтматов райондору боюнча Дарыгерлер борборунун айрым кызматкерлери тарабынан психиатриялык жана наркоманиядан дарылануу үчүн каттоодо турган адамдарга мыйзамсыз медициналык справкаларды берүү фактылары аныкталды.

Такталгандай, Манас жана Айтматов райондорунун медициналык мекемелеринде диспансердик каттоодо турган О.А.А., К.Х.И., А.Н.А., А.Б.Н. аттуу жарандар медициналык корутундунун негизинде айдоочулук күбөлүк алышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп анын алкагында Манас жана Айтматов райондорунун медициналык борборунда тинтүү жүргүзүлүп, айрым медициналык кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар алынган.

Учурда жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

КР УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтары болсо 0312-66-04-75 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button