Коом

УКМК: Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүүнүн алкагында Бишкек шаарынын аймагында иш алып барган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 7 активдүү мүчөсүнө түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган жактар «Йакын Инкар» ДЭУнун идеологиясынын зыяндуулугун жана туура эместигин толук моюнга алып, өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчөлүктөн, идеологиясынан  баш тартышты.

Мындан тышкары, кайталанбоосу үчүн аларга КР УКМКнын атынан расмий эскертүү берилди.

КР УКМК эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button