Коом

«Тазалыктын» директору эмнеге шаарда таштанды убагында тазаланбай жатканынын себебин айтты

Бишкек шаарында таштандынынын көлөмү жыл сайын көбөйүп баратат. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков билдирди.

«Жыл өткөн сайын таштандынын да көлөмү көбөйүп баратат. Былтыркы жылга салыштырганыбызда көп. Бул демек, биздин тездик менен өнүгүп жатканыбызды билдирет. Мисалы, мурда бир баштык сатып алып ошону жаныбызга салып жүрсөк, азыр жада калса идиштер дагы бир жолу колдонуучу болуп калды. Ошол эле кофени ичкенибизден кийин идишин таштандыга таштайбыз.

Кичинекей статистиканы айта кетейин, 2023-жылдын жети айына салыштырмалуу быйылкы жети айда таштанды 38 миң тоннага көбөйдү. 2023-жылдын 7 айында 117 миң тонна таштанды чыгарсак, бул жылдын 7 айында 158 миң тонна таштанды чыгардык. Мындай таштанды көлөмүнө автопаркыбыз жетишпей калып жатат. Ошондон улам бүгүнкү күндө шаардыктардан таштанды убагында тазаланбай жатканы тууралуу көп даттануу түшүүдө. Ал биринчи кезекте автопаркка байланыштуу. Техникалар эски, бузулуп калат. Мындан улам учурда мэрия тараптан акча бөлүнүп, техникаларга заказ кылып, келишим түзүп койдук. Жакынкы айларда 128 даана техника келет», — деди Чуштуков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button