КР мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө

Жалал-Абад шаарында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын имамдарына баяндамалар жасалды.

Анда менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде мамлекеттик тилдин милдеттүү түрдө пайдаланышы тууралуу, ошондой эле тил маселесинде мекенчилдикти коомдо пропагандалоо зарылдыгы белгиленди.

Диний уюмдардын өкүлдөрү тарабынан келишимдерди түзүүдө, бала-бакча, орто мектептерде жана коомчулук арасында чыгып сүйлөө учурунда мамлекеттик тилге басым жасалаары айтылды.
Мындан сырткары сентябрь айынын аягына чейин казыят тарабынан мечит жана медреселер арасында бир топ иш-чаралар уюштурулаары мерчемделүүдө.
Аталган иш-чарага КР ДИМК, КР ИИМ, КР Улуттук тил комиссиясынын облустагы өкүлдөрү жана казыят жетекчилиги катышышты.



