Коом
Сузактагы бакчада балдар сабалган окуя боюнча кылмыш иши козголду

Прокуратура ата-энелер тарбиячыларга нааразы болуп директорго бир нече жолу арызданышканын, бирок ал эч кандай чара көрбөгөнүн билдирди.
Ошондой эле президенттин жарлыгын одоно бузуу менен ата-энелерден системалуу түрдө акча өндүрүлүп жатканы аныкталган.
Буга байланыштуу «Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча козголгон.
Эске салсак, соцтармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 «Кенжетай» балдар бакчасынын тарбиячылары балдарды сабап жаткан видео тараган. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирген.



