Кара-Балтадагы «Водоканал» абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чүй облусундагы муниципалдык «Кара-Балта сууканалы» ишканасына атмосфералык абаны булгаганы үчүн 28 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Акыйкатчынын институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүгө жергиликтүү тургундун арызы себеп болгон.
Анын айтымында, шаар тургундары, айрыкча түнкүсүн жана таң эрте, сууканалдын тазалоочу курулмаларынан жана Кара-Балта спирт заводунун тунмалоочу жайынан чыккан кескин жагымсыз жытты үзгүлтүксүз сезип келишкен. Буга чейин мамлекеттик органдарга кайрылуулар жыйынтык берген эмес.
Акыйкатчынын институту Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кат жөнөткөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында сууканалдын тазалоочу курулмаларынын ишмердигинен улам абанын олуттуу деңгээлде булганганы аныкталган.
Спирт заводунан да мыйзам бузуулар табылган. Түшүндүрүү иштеринен кийин ишкана жыл аягына чейин атайын чыпкаларды орнотууга милдеттенди.
Ушундай эле арыз менен Токмок шаарынын тургуну Акыйкатчыга кайрылган. Ал үйүнүн жанындагы автосервис абаны булгап, балдардын ден соолугуна зыян келтирип жатканын билдирген.
Комиссия автосервис уруксатсыз иштеп жатканын аныктаган. Анын ээсине 30 миң сом айып пул салынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да өрт коопсуздугунун талаптары бузулганын аныктап, административдик чара көргөн.
Токмок мэриясы автосервистин ишин убактылуу токтотуп, аны башка жерге көчүрүү чечимин кабыл алды.



