Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу 20 жана 50 сомдук банкнотторду чыгара баштады

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкө 20 жана 50 сом номиналындагы банкнотторду өз аймагында өз алдынча чыгарды. Бул тууралуу 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.
«30 жылдан ашуун убакыттан бери улуттук валютаны чыгаруу өлкөбүздөн тышкары жерде жүргүзүлүп келген. Бүгүн бул стратегиялык маанилүү процессти өз алдынча камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам жасалды. Бул тарыхый окуя Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканы өзгөчө символикалуу», — деп белгиледи Улуттук банк.
Буга чейин бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да билдирип, банкнотторду өлкө ичинде чыгаруу иши 2026-жылдын ноябрь айында башталарын айткан.
Акчаны «Учкун» ААК басып чыгарат. Алгачкы этапта ишкана эскирип калган банкнотторду тез арада алмаштыруу үчүн майда номиналдагы купюраларды чыгарат. Жаңы сомдор жасалма акчадан коргоонун заманбап стандарттарына жооп берет.
Буга чейин кыргыз валютасы негизинен чет өлкөлөрдө, көбүнчө Европа өлкөлөрүндө чыгарылып келген. Бул ишке Франциянын Oberthur Fiduciaire жана АКШнын Crane Currency эл аралык басмаканалары катышкан.



