Өзгөндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

2024-жылдын 1-январь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун 1992-жылы туулган тургуну А.А. арыз менен кайрылган. Анда, 2024-жылдын 1-январь күнү өзү жашаган үйүндөгү мал сарайынан бир баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, Өзгөн районунун 2003-жылы туулган тургуну К.Н., Ноокен районунун 1999-жылы туулган тургуну Х.М. жана Чүй облусунун 2004-жылы туулган тургуну С.А. кармалып, камакка алынды.
Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун мындан башка дагы 5 мал уурулук фактыларына тиешеси бардыгы аныкталды. Жарандарга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 165 000 (жүз алтымыш беш миң) сомду түзгөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жарандарга келтирилген зыяндар кайтарылууда.



