Коронавирустун жаңы ХЕС түрү Россияга да жетти. Оорунун белгилери

Россияда коронавирустун жаңы ваританты болуп саналган XEC оорусуна кабылган эки адам катталды. Алардын бири Ростов облусунда, экинчиси Уфа шаарында. Бул тууралуу өлкөнүн Роспотребнадзору билдирди.
Анда айтылгандай, үзгүлтүксүз мониторинг жүрүүдө жана ал коронавирустун жаңы вариантынын бир учуру болгонун да аныктайт.
Маалыматка караганда, ХЕС тез тарайт жана омикрондун жакындагы вариантынын симптомдоруна окшойт. Белгилери: калтыроо, тамактын оорушу, жөтөл, жыт сезүүнүн, табиттин жоголушу, дененин оорушу, чарчоо, баш оору, мурундун бүтүшү.
Ооругандардын көпчүлүгүнүн акыбалы бир нече жумадан кийин жакшырат, бирок калыбына келүү башка штаммдарга караганда көп убакытты талап кылат.
Бул оорунун биринчи учуру Германияда июнь айында катталган. Андан бери Улуу Британия, АКШ, Дания ж.б. өлкөлөрдө да катталды.



