Коом

Абитуриенттерге кулак кагыш. Жогорку окуу жайларга тапшыруу 5 тур менен өтөт

2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга тапшыруунун мөөнөтү жана шарттары боюнча кеңири маалымат таратты.

I тур – 15–20-июль аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 15-17-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин.

II тур – 22–27-июль аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 22-24-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 24-июль саат 14:00;
  • окууга кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 25-июль саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 25-27-июль саат 16:00гө чейин.

III тур – 29-июлдан 3-августка чейин болот

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 29-31-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 31-июль саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 1-август саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 1- 3-август саат 16:00гө чейин.

IV тур – 5–10-август аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 5-7-август;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 7-август саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 8-август саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 8- 10-август саат 16:00гө чейин.

V тур – 12–17-август аралыгында өтөт

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 12-14-август;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо — 14-август саат 14:00гө чейин;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 15-август саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 15 — 17-август саат 16:00гө чейин.

Эгер окуу жайларда бош орундар бар болсо кабыл алуу:

  • 19-августта саат 09:00дөн баштап 21-августка чейин жүргүзүлөт;
  • кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштырылып, абитуриенттер өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек;
  • 31-августка чейин толук отчёт Билим берүү жана илим министрлигине берилип, талапкерлердин тизмеси Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна тастыктоо үчүн жөнөтүлүшү шарт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button