Спорт

Кыргызстан U-23 Азия оюндарындагы алгачкы беттешин Таиландга каршы өткөрөт

Кыргызстан U-23 бүгүн Азия оюндарынын алкагында Таиландга каршы ойнойтБүгүн, 16-сентябрда, Кыргызстандын Олимпиадалык курамасы U-23 Нагояда өтүп жаткан Азия оюндарындагы алгачкы беттешин өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө «Тойота» стадионунда башталат.

Кыргызстандык футболчулар алгач Таиланддын курамасы менен кез келет. Беттешти УТРК Спорт телеканалы көрсөтөт.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар оюнга кызыл формада, Таиланддын курамасы көк формада чыгат.

Башкы машыктыруучу Надирбек Мамадалиев команда биринчи оюнга даяр экенин белгиледи. Кыргызстан «А» тайпасында Таиланд, Япония жана Гонконгдун курамалары менен бирге жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button