Коом
Алмаз Бакетаев эмнеден адреналин алаарын айтты
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков финансы министри Алмаз Бакетаевден: «Бюджеттин азыркы акыбалынан ыраазысызбы?» — деп сурады.
«Сиз бул системадан эчактан бери иштейсиз, ошондуктан сиздин пикириңизди уккум келет. Ушул оор иштен ырахат аласызбы?» — деди депутат. Ага жооп катары Бакетаев адрелание алаарын билдирди.
Бакыт Сыдыков: «Мен акыркы үч жылда бюджеттин көрсөткүчү өсүп жатканын көрүп ырахат алып жатам. Мында сиздин эмгегиңиз чоң, сизди мактасак болот», — деди.