Коом

Бейшеналиев: Каза болгон адамдардын органдарын алуу боюнча мыйзам киргизели деп жатабыз

Кыргызстанда боор, бөйрөк алмаштыруу операциялары чет өлкөдөн чакыртылган адистердин коштоосунда жасалат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

«Боор, бөйрөк алмаштырууга муктаж болуп калган жарандарыбыз ошол эле операцияны чет өлкөлөрдөн жасатса операциянын өзүнө эле 25 миңден 50 миң долларга чейин акча төлөйт. Андан тышкары бейтап жалгыз барбайт, донор, кароочу туугандары менен барат, алардын башка өлкөдө бир ай жашашына, операциядан кийинки дарылануусуна да көп чыгым кетет. Ошолорду эске алып биз Кыргызстанда жасоону чечкенбиз», — деди Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, учурда органдарды трансплатациялоо боюнча мыйзамды киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Мында коопсуздук маселесин да эске алуу керек дейт. Буга чейин Кыргызстанда тууган адамдар гана донор боло алчу болсо, эгерде жаңы мыйзам кирип калса, анда башка адамдар дагы донор боло алышат.

«Мен көп өлкөлөрдүн мыйзамдарын карап чыктым. Мусулман өлкөсү деп Ирандыкын карадым. Ал жакта каза болгон адамдардын органдарын алып башкаларга салууга болот экен. Бул чынында туура чечим. Анткени каза болгон адамдан бир убакта 5-6 орган алууга болот. Андан тышкары тирүү донордон көп өлчөмдө боор кесилип алынса, анын кесепеттери болушу мүмкүн. Биз азыр бул мыйзамды киргизүү үчүн Жогорку Кеңеш менен сүйлөшүп жатабыз», — деди Бейшеналиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button