Коом

Кыргызстан 2027-жылдан тартып электр энергиясын импортоодон толук баш тартат

«Келерки жылы Кыргызстанда трансформаторлорго байланышкан маселе болбойт», — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында.

«Учурда бардык РЭСтерде авариялык кырдаалдар үчүн бештен трансформатор запаста турат. Андан тышкары 58 миллион сомго миң трансформаторду сатып алууга конкурс жарыяланды. 58 миллиондун 25 миллиону грант болсо, 8 миллиону швейцариялык грант, дагы 25 миллиону кредит. Депутаттар бул келишимди колдоп беришкен. Бул акчага тендер өткөрдүк, азыр 600 миң эсептегич жана миң трансформатор сатып алууга кол коюу стадиясында турабыз. Келерки жылы бул боюнча меселе жаралбайт», — деди ал.

Айтымында, Кыргызстан 2027-жылдан тартып электр энергиясын импорттоодон толугу менен баш тартууга даярданууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button