Көңүлүңө жакпаган эркектен “кутулуунун” төрт ыкмасы

Айрым айымдар жанында жандап баскан эркекти табууну башкы максат кылса, кээ бири тескерисинче жанын койбой чып жабышкан эркектен кантип кутулуунун жолун таппай башы катат. Эгерде сиз айымдардын экинчи айтылганына кирсеңиз, анда төмөнкү айтылган ыкмаларды колдонсоңуз, жаныңыздагы эркек аз убакытта качып кетет.
Биринчи – ашыкча көзөмөл
Ага ишенбеңиз. Кандай сөз айтса дагы калпка чыгара бериңиз. Анан да дайыма шектүү экенин билгидей кылыңыз. Почтасын, телефонун текшерип, кийимин чоочун атыр барбы – жокпу билүү үчүн жыттагылаңыз. Достору менен отурганда жок эле дегенде 15 жолу чалыңыз, мончого кеткенде 30 жолу билдирүү жазыңыз.
Экинчи – жеке аймагын кыскартып салыңыз
Эркекте сөзсүз жеке аймагы болушу керек. Анын жеке аймагы канчалык азайган сайын, ошончолук тез качат. Эч убакта жалгыз калтырбаңыз. Эркек үйгө келип, дааратканага кирдиби, дароо каалганын сыртында болуңуз да, эртерээк чык деп жадатып баштаңыз. Компьютерге оюн ойноо үчүн отурдубу, мага көңүл бурбайсың деп чоектоп баштаңыз. Уктоо үчүн жатканда дароо көйгөйлөрдүн баарын ортого таштаңыз.
Үчүнчү – дайыма нерв кылып туруңуз
Бир мүнөт дагы тынчтык бербеңиз. Бул ага өзүн кул сездирет, а анын мындай сезими сизге абдан керек. Тарыхта качкын кулдар көп болгон, а кожоюндар эч убакта качпайт. Ошондуктан аны “кулга” айлантыңыз.
Төртүнчү – кырдаалды курчутуңуз
Дайыма бардык нерсеге нааразы болуңуз. Заарыңызды чачып туруңуз. Сындаңыз, талап кылыңыз, күнөөлөңүз. Чыныгы эркектер жасай турган иштерди ойлоп табыңыз, эгер эркегиңиздин колунан келбей калса ызы-чуу салыңыз. Аз акча табаарын, аз убакыт бөлөөрүн айтып ызылдай бериңиз.



