Коом

«Улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду .

Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө » «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын кызмат адамдары КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип, бир гана тендер боюнча 25 000 000 сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Соттун чечими менен 1992-жылы туулган А.А. нын баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалды.
Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Коомчулук ички иштер органдарынан укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу иштерди, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүдө олуттуу жыйынтыктарды күтөт.

Ички иштер министрлиги мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматкерлердин катарларын тазалоо иштерин улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button