Кумурскадан пил жасабаңыз: 9-октябрга гороскоп

Кой. Бул күндү олуттуу сүйлөшүүлөрдөн баштоонун кереги жок. Жооптуу чечимдерди да кабыл албаңыз. Сизге маанилүү жагдайларга көңүл бурууга оор болот ошондуктан ката кетирип алышыңыз мүмкүн.
Букачар. Ар кандай адамдар менен тил табыша алганыңыздан улам бүгүнкү күн ийгиликтүү болот. Бир гана үй-бүлөңүздөгү адамдар менен бир аз пикир келишпөөчүлүк жаралышы мүмкүн. Алардын мүнөзүнө чыдап, талабын аткарууга туура келет.
Эгиздер. Күн тынч өтөт, бирок стресс кылган окуя да болбой койбойт. Жетекчилик сизди нерв кылат. Кошумча ишти артат, бирок ал үчүн кошумча төлөгөнгө макул болбойт. Кандай кырдаал болсо да тынч сүйлөшүү жолун тандаңыз.
Бөйөн. Бүгүн сиздер өтө жай жана бир маалыматты кеч кабыл алган абалда болосуздар. Бүгүнчө эч кимдин көзүнө чалдыкпай жашай туруңуз, а эртең баштапкы энергияңыз сизге кайтып келет.
Арстан. Ашыкча эле таарынчак болуп кеттиңиз. Балким өзүңүз да байкаган чыгаарсыз. Жылдыздар таарына берүү өзүңүзгө эле зыян алып келээрин эскертет. Башкалардын реакциясына жана кылыгына көңүл бурбай эле коюңуз.
Бийкеч. Жөнөкөй эмес күн күтүп турат. Бардык эле нерсе биринчи жолкусунда эле ишке аша бербейт. Кайра кайтып келип, кайра жасап, каталарды оңдоого туура келет. Албетте, бул маанайыңызга таасир берет.
Тараза. Сизден бул күн билимди талап кылат, ошондуктан окуңуз. Эгерде билбеген нерсеңиз болсо, башкалардан кеңеш сурап кайрылуудан тартынбаңыз.
Чаян. Үй-бүлөнүн түйшүгү бардык оюңузду ээлейт, ошондуктан жумушка көңүл бура албай каласыз. Сырларыңызды баарына эле ишенип айта бербеңиз, болбосо толтура көйгөй үйүп аласыз.
Жаачы. Майда түшүнбөстүктөргө көздү жумуп, жакындардын сизге эч зыяны тийбеген кылыктарына көңүл бурбаңыз. Кээде сиз кумурскадан пил жасап алып эле чамына бересиз.
Текечер. Татаал күн болушу мүмкүн. Жумушта жумуш, үйдө маселе көп болот. Баарын сабырдуулук менен жеңүүгө болоорун унутпаңыз.
Суу пери. Чарбалык маселелер сизди курчайт, аны чечүү үчүн убактыңызды бошко кетирбей дароо киришиңиз. Каржылык жактан бакыбаттуулук келет.
Балык. Сизди кыйнаган мамилеге чекит коюлат. Бул сиздин демилгеңиз аркылуу болот, ошондуктан өзүңүздү мактай бериңиз. Сиз акыр аягында күч таптыңыз.



