Аксана Рыскулова: Акчага болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз керек

Бизнес-тренер Аксана Рыскулова акча көп табуу үчүн биринчи аң-сезимди оңдоо керектигин, ал үчүн адам эмнелерди билүүгө тийиш экенин айтып берди.
Каржылык билим – каржы пирамидасы эмес
— Азыр акча деп сүйлөп баштасаң эле, көпчүлүктө каржылык пирамидага кошот деген түшүнүк калыптанып калган. Каржы пирамидасы көбөйүп, көп адамдарды курмандыгына айлантканы үчүн, бул жаатта жүрөкзадалар көп. Менин айтайын дегеним – ар бир адамга финансылык билимдер керек. Финансылык билим болгон учурда каржы пирамидасына алданып калуу коркунуч дагы болбойт.
Мен карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Финансы программам бала кезден калыптанган. Кененчиликте ой жүгүртпөй, акча жок дегенди гана угуп чоңойуп калса, кийин дагы өз алдынча болгондон соң дагы акча жок деген түшүнүк калып калат экен. Бирок карасаң муздаткычың толтура, бирок акчаң жок. 1990-жылдар баарыбыздын эсибизде, үйдө нан менен чай гана бар болчу, кумшекер дагы кээде бар, кээде жок. Ал эми кечинде, күнүнө бир жолу ысык тамак. Анын да кээде эти бар, кээде эти жок. А азыр дасторкондо бардык нерсе жайнап турат. А мээбизде дагы деле ошол жетишпестик – акча жок. Биздин байый албай жатканыбыздын бирден бир себеби – мээбиздеги программаларыбыз. Аларды анализдеп, керектүүлөрүн алып, керексизин жок кыла турган билим – финансылык сабаттуулук деп айтылат.
Мен мындай билим бардыгын 30 жашка чыкканга чейин билген эмеспиз. Акчаны ата-энеден көргөнүмдөй кылып эле пайдаланып, алар кантип үнөмдөсө ошентип үнөмдөп, кыскасы ар бир аракеттерин көчүрүп алгандай эле колдонуп келгем да. Бодо Шефер деген жазуучунун “Мани” деген китеби бар. Мен аны балдарыма кичине кезинде жаттап алгыча окуп бергем. Европалык өлкөлөрдүн бириндеги кичинекей Кира деген кыздын көз карашы аркылуу адамдардын акчага, байлыкка болгон мамилеси чагылдырылган. Ал кыз акча эмне экенин деле билбейт, бирок ата-энеси акча, акча деп урушуп, аны сүйлөшкөндө эле кабактары бүркөлүп калаарын билет. Кийин ээси жол кырсыгына учурап, оорукана жеткирилгенден кийин көчөдө калган итти булар убактылуу багып алышат. Кыз ага “Мани” деп ат коет. Анткени, үйүндө дайыма акча тууралуу сөз болгондуктан, иттин атын мани деп атоо менен акча чакырууну каалайт. Кийин ал ит бир миллионердин ити болуп чыгат. Мына, ушундай адамдын аң сезимин ойготкон китеп.
Аң сезимдеги акча
— Биздин жашообузда көп нерсе абдан сиңип калган, эски үйдүн катып калган пайдубалындай эле, чапкыласаң да чыккысы жок. Азыр деле бирөөнүн бай экенин угуп калсак, “бай болсо өзүнө бай” дейбиз, же акчалуу, аты чыккан, ийгиликтүү адамдарды жаман көрүү менен сөз кылабыз. Аларды жаман көрүү менен акчага болгон негатив көрсөтүп жатабыз, жазылбаган мыйзам бар – акчаны жаман көрсөң, ал сага келбейт. Ошондуктан, биринчи кезекте аң сезимди оңдоо үчүн акчалуу адамдар тууралуу сөз кылбайбыз.
Экинчиден, жашоодо акча маанилүү эмес, андан маанилүү нерселер бар дейбиз дагы, аныбыз менен бир көксөөбүздү кандыргандай, ошол сөзүбүз өзүбүзгө майдай жагып, рахаттанып, бир азга болсо да эс алып калабыз. Ошону менен адамдардын көзү өтүп деле кетип жатпайбы, акча маанилүү эмес дегенди аң сезимибизде бекем кармап калдык. Акча менен көңүлдү, өмүрдү салыштырып кереги жок. Колубузда беш манжабыз бар, анын баары тең бизге керек. Чыпалагымдын кереги жок деп кесип сала албайбыз. Же эки колубуз тең бирдей кызмат аткарат. Бир кол менен эки кол жасагандай иштерди жасай албайбыз. Ошол сыяктуу эле акча менен көңүл бирдей керек, экөө катарлаш жүрөт, бири бирине жардам беришет. Эмне себептен биз жогоруда айтылган түшүнүктү мээбизге сиңирип алганбыз. Союз учуру адамдардын байышына каршы иштеген. Адамдар бай болуп кетсе, ишенимдүүлүк көбөйүп, союзду жок кылып жиберет деген ой менен байлардын чыгышынан коркушуп, алдын ала андай болтурбай турган программа түзүшкөн.
Балдардан баштоо
— Балдарга акча дайыма керектигин үйрөтүү керек. Акчалуу адамдын жашоо деңгээли, мүмкүнчүлүгү бийик болот. Балдарыбызга акчаны өз алдынча пайдаланууну үйрөтүп, өзүнчө акча чогултууга шыктандырбайбыз. Акча адамды бузат деп колуна акча карматуудан коркуп көзөмөлдөйбүз. Ошону менен толтура туура эмес нерселерди калыптандырып койгонбуз. Мен дагы акчага муктаж болгон учурларым болгон. Балдарым кичине, үйдө нан, май, картошка сыяктуу жөнөкөй эле азыктар да калбай калган. Балдарыма памперс ала алчу эмесмин. Кыйынчылык күндөр өткөн. Ошондой убакта адамдар кантип байыйт, мен кандай кылсам байыйм деген ойлор пайда боло баштаган. Россияда да иштедим, же соодадан же башкадан жолум болбойт эле. Мени албетте, бул сыноолор чыйралтты, бирок андай кыйынчылыкты эч кимге каалабайм. Өзүмө болгон ишенимим кетип, жөндөмсүзмүн деп калдым. Кийин гана баарына жөндөмдүү экенимди, менде да талант бардыгын, башкаларга окшош экенимди билдим. Болбосо өзүмдү башкача элестетип, ичимден кыйнала берчү элем. Кантип билдим? Финансылык сабаттуулукту үйрөткөн курстарга баруу аркылуу. Чөнтөгүмдө сокур тыйыным жок, бирок каалоом күчтүү болчу. Ошентип, семинарларга, тренингдерге катышып, бир айда өз жолумду таба алдым.
Финансылык программа
— Биринчи кезекте бизди кедей кылган бул – ата-энебизден калган негативдүү ойлор. Экинчи, мээбизде ар бир адамдыкы өзүнчө кандайдыр бир чек жайгашкан. Мисалы, топту ыргытып ойночу болсоң, ал шыпка чейин гана жетет, андан соң ага тийип жерге түшөт, аны жарып чыгып кете албайт. Ошол сыяктуу эле биз дагы мээбизге мисалы, 10 миң, 25 миң, 30 миң сом акча таба алам деп киргизип койгонбуз. Ошондой блок бардыгын кээде өзүбүз деле байкабай калабыз. 25 миң сом деген блок болсо, 100 миң сомдук жумуш бар деп калышса, дароо күмөн ойлойбуз, акчасына жараша жоопкерчилиги бар да, мен аны аткара албайм го дейбиз, биринчиден ишенбей, экинчиден коркобуз. Анткени мээдеги финансылык программа басым кылып турат. Финансылык сабаттуулук боюнча билим алганда ошол шып алынып салынат. Демек, финансылык сабаттуулукка жетүү менен сөзсүз бизнесмен болуп кетпейсиң. Акчаны туура кабыл алуу жана ага болгон мамилеңди өзгөртөсүң.



