Сынактан утуп, бирок батир албай калган мугалимдин маселесин Сарыбашов чечип берет

Ош шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген Илгиз Шамырзаев эки жыл катары менен «Жыл мугалимин» утуп алган жана сыйлыкка батир алмакчы болгон. Бирок аты аталганы менен батир колуна тийген эмес. Учурда жаш мугалим ижарага алынган батирде жашайт жана убадасын унуткандардын эсине «мен мыкты эмес, ооматсыз мугалим болдум» деген сөзү менен кайрадан түштү.
Коомчулук учурда сынактан утуп алган сыйлыгын ала албай келаткан мугалимдин окуясын кызуу талкууга алууда.
Ошол маалда Ош шаарынын мэри болуп турган Таалайбек Сарыбашов бул тууралуу мындай дейт:
«2021-жылы Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасына мэр катары катышканмын. Жеңүүчүлөргө мэр катары сыйлык тапшырганым чын. Илгиз агайга гана эмес, калган катышуучуларга да сыйлыктарды бергенбиз. Жеңүүчүгө батир берүү боюнча ошол убактагы вице-мэрлердин бири “Эмаком” курулуш компаниясы демөөрчү болуп жатканын айтып калды. Буга чейин да мугалимдерге демөөрчүлөр тарабынан ар кандай сыйлыктар берилип келген экен. Ошол иш-чарага аталган компаниянын өкүлдөрү өздөрү катышкан. Кыскасын айтканда, жеңүүчүгө батирдин сертификатын тапшырганмын. Менин билишимче батирдин курулушу бүтө элек болгондуктан ачкычы берилбей, батирдин келишим кагазы менен сертификат компаниянын атынан берилген. Ошол жылы мен да Ош шаарынын мэри кызматын тапшырып, кызматтан кеттим. Ошол боюнча көзөмөл кылбай калдык. Ушул жылдын апрель айында Илгиз агай менен телефон аркылуу байланышып, курулуш компаниясынын ээси, ошол убактагы ЖК депутаты Эмил Жусупов менен экөөнү телефон аркылуу видео байланыш менен сүйлөштүрдүм. Сөз мага да баарыбир тиет, ушул агаң сага батир берген, чечишип, батирдин Жусуповдон алып алгын деп айтканмын. Эмил Жусуповго да айттыңбы берип кой деп мындан 7 ай мурда да суранганмын. Бул сүйлөшүүнү мугалимибиз да четке какпаса керек», — деп жазды учурдагы депутат соцтармактагы баракчасына.
«Илгиз агайдын батир маселесиндеги убадасы, юридикалык жактан тастыктаган документтерди колу менен берген тиешелүү адамдар чечип бербесе да, мен чечип берем. Бүгүн жардамчыларым аркылуу Илгизге да айттырдым. Илгизди батирлүү кылабыз! Илгиздин эч качан мугалимдик кесиптен көңүлү калбашы керек. Ар бир нерсенин артында жакшылык бар. Баары жакшылыкка болсун! Илгиз, эч качан ишенимиң өчпөсүн иним! Билим жолундагы ийгиликтерди багынта бер!» — деди Таалайбек Сарыбашов.



