Бишкек мэри социалдык объектилерди текшерүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте социалдык объектилерди текшерүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы алгач Трудовая көчөсү, 4 дарегиндеги спорттук-эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшүн текшерди.
Ошондой эле ал жеринде Ленин районунан келген экинчи Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушуп, Бишкек мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди.
Делегаттар жана райондун тургундары көйгөйлүү маселелерди айтып, шаар башчысы аларды тез арада чечүүнү тапшырды.
Айбек Жунушалиев ошондой эле Ак-Босого жаңы конушундагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Биринчи май районунан келген экинчи Элдик курултайдын делегаттары жана тургундар менен да жолугушуу өткөрдү.
Суроолор негизинен тротуарларды, балдар аянтчаларын, социалдык объектилерди куруу, кызыл китептерди чыгаруу жана мыйзамсыз объектилер тууралуу болду.
Мэр өзгөчө шаардык кызматтардын жетекчилеринин көңүлүн көтөрүлгөн маселелерди тез арада жана жеринде чечүүгө бурду.
Өз кезегинде эки райондун тургундары Бишкек мэриясына жасалып жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиришти.



