Коом

Автобустардагы «Тулпар» иштебей калган учурда жол кире төлөбөй койсо болобу?

Соцтармакта бүгүн, 23-октябрда Бишкектеги автобустарда «Тулпар» системасы иштебей жатканын билдиришкен.

«Бүгүн түнү системада техникалык профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул убакыт аралыгында «Тулпар» кызматтарынын ишинде кыйынчылыктар байкалууда. Азыркы учурда техникалык иш-чаралар аяктап жатат. Түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз«,- деп айтылат Бишкек мэриясы берген маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы кайра маалымат таратып, маселе чечилгенин, система толугу менен иштеп жатканын билдирген. 

Мэрия маалымат таратып, саат 09:30га карата көйгөй тез арада жоюлуп, «Тулпар» төлөм системасы толук калыбына келтирилгенин билдирди.

«Тулпар” системасы жалпы иштебей калган учурда эгерде жарандын башка жол менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жүргүнчү жол акысын төлөбөй коюуга укуктуу»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button