Коом
13 жаштагы өз кызын зордуктаган Жумгал районунун тургуну кармалды

Жумгал районунда 54 жаштагы жаран 13 жаштагы кызын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, С.Т. кызын көпкө чейин зордуктап жүргөн.
«Тергөө учурунда кылмышка шектүү жаран 2010-жылы өз аялын өлтүргөнү үчүн соттолгону белгилүү болду. Ал 2018-жылы жаза мөөнөтүн өтөп, абактан бошотулган. Шектүү сурак маалында кызы менен 2021-жылдын июль айында жыныстык катнашта болгондугун, ушул убакка чейин да аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, атасы аны эки жыл бою зордуктап келген. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти.



