Коом
Айыл чарба министрлиги Кытайга 10 миң тонна грек жаңгагын сатууга макулдашты

Мындай ири көлөмдө эскпорттоо келишими өлкөдө биринчи ирет катталууда. Анын алкагында быйыл январдан бери 500 тонна жөнөтүлгөн.
Статкомдун маалыматы боюнча Кыргызстан соңку ирет 2020-жылы Кытайга 340 тонна жаңгак саткан. Бирок анда “Башка жаңгактар” категориясы менен көрсөтүлгөн. Дал ушул азык тууралуу эсеп жүргүзүлгөн эмес.
Буга чейин Түркияга да 400 тонна грек жаңгагы сатылмай болгон.



