Саясат
Президенттик жарыш: Исхак Масалиев 30 миңден ашык шайлоочунун кол топтоосун жыйнады

Бүгүн, 17-ноябрда президенттик талапкерликке көрсөтүлгөн Исхак Масалиев каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон 30 миң шайлоочунун колун топтоду.
»Түндүк» тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, Масалиевди 30 миң 36 шайлоочу колдогон. Ал эми президенттикке талапкерлигин көрсөткөн башка жарандардын кол топтоо көрсөткүчтөрү учурда төмөнкүдөй абалда:
- Клара Сооронкулова — 17 877 кол;
- Бактыбек Калмаматов — 17 778 кол;
- Азамат Эсенбеков — 16 838 кол;
- Акай Кыдыров — 13 793 кол;
- Бакытбек Адылов — 9 332 кол;
- Амур Айба Медер — 5 687 кол;
- Мамбетжунус Абылов — 4 932 кол.
Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев жана Аймен Касенов да керектүү сандагы кол топтоого жетишишкен.



