Коом

«Ала-Тоо Резортто» англис тилин билген 36 куткаруучудан турган атайын пост болот

17-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда тоодогу коопсуздук жана туристтик кырсыктардын алдын алуу чаралары талкууланды.

Жыйында маалым болгондой, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап куткаруу станциясы түзүлүп, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, дарыгерлер жана милиция нөөмөттө турат. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тапшырмасы менен туристтер үчүн атайын программа жана спутниктик «Garmin» трекерлери киргизилүүдө. Шаймандар уюлдук байланыш жок жерлерде да спутник аркылуу иштеп, «SOS» баскычы менен жабдылган. Эгер адам 2 саат бою кыймылсыз калса, система автоматтык түрдө белги берет.

«Ала-Арча» паркынын өкүлү Кубаныч Жекшенбеков учурда жылууланган жана интернети бар туристтик баш калкалоочу жай Рацек аймагында гана бар экенин, дем алыш күндөрү бул багытка күнүнө 500–700 адам чыгарын айтты. Ал эми Адыгене тарапка адамдар аз баргандыктан, андай жай курулган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев учурда «Ала-Арчада» «Эдельвейс» куткаруу тобу иштеп жатканын, ал эми 1-декабрда ачыла турган «Ала-Тоо Резорт» комплексинде англис тилин билген 36 куткаруучудан турган атайын пост түзүлүп, техника менен камсыздалганын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, Туризм департаменти менен биргеликте жөнөкөй сейилдөө менен альпинизмди так ажыратуу, туристтерди каттоого алуу жана чектөөлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мындан тышкары, мектептерде жана жогорку окуу жайларда Жарандык коргонуу күндөрүнүн алкагында коопсуздук боюнча машыгуулар өткөрүлүүдө.

Талкуу учурунда депутат Гуля Кожокулова ӨКМге тоолорго стационардык постторду коюуну, тажрыйбасы же лицензиясы жок туристтик компанияларга тыюу салууну сунуштады.

«Кырсык болгондо гана куткаруучу болбостон, алдын алуу чараларын сөзсүз түрдө иштеп чыгуу керек», — деди ал.

Депутат Медина Кайрылбекова өспүрүмдөрдү чоң адамдардын коштоосу жок тоого чыгарбоону жана куткаруу иштерине Альпинизм федерациясы менен жеке куткаруучуларды тартуу демилгесин көтөрдү.

«Бир адамдын өлүмүнөн кийин чуркап алдын алуу иштерин кылбай, биринчи шартты түзүп, анан чакырышыбыз зарыл», — деди эл өкүлү.

Тектеш кабарлар

Back to top button