Коом

Жолдордогу кароосуз мал — өмүргө коркунуч: Республикада 10 айда 45 жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 17-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолдордо кароосуз калтырылган мал жол кыймылына олуттуу коркунуч жаратарын эскертти.

​Малдын кароосуз жүрүшү айдоочулар үчүн чоң тоскоолдук жаратып, кайгылуу кырсыктарга себеп болууда. Расмий маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айында республика боюнча мал-жандыктарынын катышуусунда 45 жол-транспорт кырсыгы катталган. Алардын кесепетинен өкүнүчтүүсү, 5 адам каза болуп, 60 адам ар кандай жаракат алган.

​Аймактар боюнча кырсыктардын статистикасы төмөнкүдөй:

  • ​Жалал-Абад облусу — 13 жол кырсыгы катталып, 16 адам жаракат алган.
  • ​Ысык-Көл облусу — 11 жол кырсыгы катталып, 14 адам жаракат алган.
  • ​Чүй облусу — 7 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган.
  • ​Ош облусу — 6 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 10 адам жаракат алган.
  • ​Баткен облусу — 5 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.
  • ​Нарын облусу — 3 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган.

​Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлерин жоопкерчиликтүү болууга жана үй жаныбарларын кароосуз калтырбоого чакырат. Бул чаралардын баары жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button