Насыя ала албаган дыйкандарга 50 миң долларга чейин пайызсыз, кайтарымдуу каражат берүү каралууда

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (IFAD) ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү — 3» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Долбоордун жалпы суммасы 21,4 млн долларды түзөт. Анын ичинен:
- 16,8 млн доллар — 50 жылга берилүүчү жеңилдетилген насыя (10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен, жылдык тейлөө акысы 0,1%);
- 4,2 млн доллар — 40 жылга берилүүчү насыя (10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен, жылдык комиссиясы 0,75%);
- 0,4 млн доллар — Кыргызстандын салымы;
- 2,5 млн доллар — долбоордун катышуучуларынын болжолдуу салымы.
Каражат үч багытка жумшалат:
- Жайыттарды жана токой чарбасын өнүктүрүү: 230 айыл өкмөтүнүн ичинен 100 айыл өкмөтү тандалып алынып, ар бирине 100 миң доллардан бөлүнөт (70 миңи жайыттарды өнүктүрүүгө, 30 миңи социалдык-экономикалык пландарга). Ал үчүн ар бир айыл өкмөт 25 миң доллар өздүк салым кошушу шарт. Мындан тышкары 41 токой чарбасынын ар бирине 35 миң доллардан берилет.
- Ветеринария жана фитосанитария: 10 ветеринардык жана 10 фитосанитардык лаборатория оңдоп-түзөөдөн өтүп, техникалык жабдуулар менен камсыздалат. Ошондой эле 500дөн ашык жеке ветеринар окутулат.
- Насыялоо фонду: Министрликтин алдында 2,8 млн долларлык фонд түзүлөт. Андан банктардан насыя ала албаган дыйкандарга, аялдарга жана жаш ишкерлерге 50 миң долларга чейин пайызсыз, кайтарымдуу каражат берилет.
Талкуу учурунда айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев 2026-жылы айыл чарба тармагында 3%дан 6%га чейинки чен менен 8 мамлекеттик программа иштеп жатканын, анын алкагында болжол менен 11 миң фермер жана кайра иштетүүчү жалпы 13 млрд сомдун тегерегинде насыя алганын маалымдады. Анын айтымында, 500 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз берилет.
Ошондой эле министрдин орун басары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында өкмөт сырттан ташылып келүүчү кумшекерге алты айга, ал эми алма менен картошканын импортуна февраль айына чейин убактылуу чектөө киргизгенин кабарлады.
Депутат Гуля Кожокулова министрликтин аймактардагы түшүндүрүү иштери жетишсиз экенин сынга алды.
«Аймактардагы жашоочулардын көбү жеңилдетилген насыяларды ала албай жатканын айтышууда. Министрликте миңдеген кызматкер иштейт, бирок элде маалымат жок. Парламентте сиздердин мекеме алган гранттар менен насыялардын сарпталышы, каражаттын чоң бөлүгү консультанттарга эле кетип жаткан жокпу деген маселени текшерүү боюнча комиссия түзүлүшү мүмкүн», — деди ал.



