Самат Тоялиев: Окуучуларды толук камсыз кылуу үчүн 17 млн окуу китеби керектелет

Кыргызстандагы мектептерди толук кандуу окуу китептери менен камсыз кылууга 6,5 миллиард сом керектелет. Бул тууралууБилим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башкы адиси Самат Тоялиев билдирди.
“Акыркы 10 жылдын статистикасын карап көрсөк, акыркы 10 жыл аралагында бөлүнгөн каражаттын 70 пайызга жакыны өздөштүрүлгөн. Акыркы үч жылда гана 152 млн сом бөлүндү. Ага чейин 120 млн сом, андан мурда мындан да аз бөлүнгөн. Окуу китеп маселелерин чечүүгө каражат жетишсиз болгон десек жаңылышпайбыз. Ар бир беш жылда мам билим берүү стандарттары, окуу программасы жаныланып турган. Ошондо ар 5 жылда окуучуларды 17 млн китеп менен камсыздап туруу керек болчу. Бирок каражат жетишсиздигинен 100 пайыз жаңыланган эмес. Азыр мектептердин китепкана фондунда 12 млн тегерегинде китеп бар. Демек, 5 млндон ашык китеп жок. Бирок бул кенемтенин ордун эл аралык уюмдар жана ата энелер толтуруп берип жатат”, — деди Тоялиев.
Ал ошондой эле матеметика, физика, химия, биология предметтери боюнча окуу китептерин Сингапурдун басмаканасында бастырып чыгаруу иштери жүрүп жатканын айтты. Калган предметтер боюнча окуу китептерди атамекендик басмаканалар чыгарат.



